ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкексвет» ишканасы «koreasign» түштүк кореялык компания менен биргеликте светодиоддук лампаларды орнотууну баштады

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы Түштүк Кореядагы атайын светодиоддук лампа өндүрүүчүлөр менен биргеликте Саманчин көчөсүнө  кубаттуулугу 120W 15 фонарь орнотулган түркүктөрдү орнотууда.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Саманчин көчөсүндө оӊдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Ахунбаев – Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Физкультурный» сейил багынын көчө торшерлерине кубаттуулугу 60W  10 лампа алмаштырылат. Көчөнү жарыктандыруу үчүн светодиоддук лампаларды орнотуу тестирлөө режиминде өткөрүлөт. «KOREASIGN» компаниясы шаарды жарыктандыруу долбоору боюнча тендерге катышууга чакырылган.