Калаада TENGRI music классикалык музыка фестивали өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 21.09.2015 16:15
Д.Асанов атындагы Жеӊиш паркында биринчи жолу TENGRI music классикалык музыка фестивали өткөрүлдү.
Шаар тургундары үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Турциянын музыканттары аткарышты.
Калаанын паркында биринчи жолу шаардыктарды өзүнө тарткан жандуу музыка жаӊырды.
Аба-ырайынын булуттуу болгонуна карабастан сахнанын алдына көптөгөн классикалык музыканы баалоочулар, угармандар чогулушту. Шаар тургундары менен бирге жагымдуу музыканы угуу үчүн калаа башчысы Кубанычбек Кулматов келди.
Иш-чаранын башкы максаты – коомчулукта, шаарда, ошондой эле, өлкөдө классикалык музыка маданиятын жайылтуу.
Фестивалды Бишкек шаарынын мэриясы Prima коомдук фонду менен биргеликте уюштурду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |