ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада айыл чарба азыктарына жарманке өтүүдө

Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлүүдө.

Шаар тургундары үчүн кышкыга азыктарды сатып алуу,  ал эми, айыл чарба мекемелерине, фермердик чарбачылык ээлерине жана  бакчыларга өздөрүнүн өндүрүмдөрүн сатуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.


Чүй облусунун ондогон өндүрүүчүлөрү жемиштерди, жашылчаларды, бал, сүт жана эт азыктарын ортомчуларсыз түз сатышууда. Бардык азыктар жаӊы жана түз талаадан алынып келинген.


Жарманкени уюштуруу иштерине Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэри Замирбек Малабековдун жетекчилиги алдында мэриянын аппаратынын кызматкерлери катышат.


Айыл чарба азыктарынын жарманкеси төмөнкү даректерде өткөрүлүүдө:


Октябрь районунда – Асанбай кичи району, Нуркамал жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиштери;


Ленин районунда – «Жал» кичи району жана Айны – Бакаев көчөлөрүнүн кесилиштери;


Свердлов району – Салиева – Ауэзов көчөлөрүнүн кесилиштери.