ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов калаанын жолдорунун курулуш иштерин текшерди

Бишкек шаарынын мэри  Кубанычбек Кулматов 16-сентябрда калаанын жолдорунун курулуш иштерин текшерди.

Көчмө иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы Ауэзов, Жукеев-Пудовкин, Махатма Ганди, Сыдыгалиев, Чүй проспектиси боюнча Аламедин дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн, ошондой эле, Саманчин жана Безымянный көчөлөрүнүн капиталдык курулуш иштерин текшерди.


Ауэзов көчөсүн текшерүүнүн жыйынтыгында Кубанычбек Кулматов тротуарларга асфальттоону жана кыска мөөнөттө жарыктандырууну орнотууну жыйынтыктоо тапшырмасын берди. «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасына айланасына бактарды жана чөптөрдү отургузуу, көрктөндүрүү, ал эми капиталдык курулуш башкармалыгына жол жээгиндеги тротуарларды кеӊейтүү тапшырмасы берилди.


Жукеев-Пудовкин көчөсүнө асфальттоону жыйынтыктоо жана көчөттөрдү отургузуу тапшырмасы берилди.


Безымянный көчөсүндөгү гараждарды алууну жана унаа токтотуу жайларын жана тротуарлардын жайгаштырылышын ойлонууну тапшырды.


Саманчин көчөсү боюнча «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасына куураган бактарды кыркуу жана «Тазалык» муниципалдык ишканасына кургак тиричилик таштандыларын чыгаруу тапшырмалары милдеттендирилди.

Садыгалиев көчөсүн текшерип жатып, мэр унаа токтотуучу жайга орун бөлүүнү  жана өрт өчүрүү бөлүгүнүн батыш тарабында жайгашкан курулуштарды түрттүрүү керектигин белгиледи.


Текшерүүнүн  жүрүшүндө калаа башчысы Кубанычбек Кулматов жолдорду кайрадан курууда: тротураларды орнотуу, унаа токтотуу орундары, жашылдандыруу, жарыктандыруу жана ирригация маселелери боюнча бир нече маанилүү аспектилерге токтолду.

Көчмө жыйынга тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле, жолдордо капиталдык оӊдоону жүргүзүп жаткан бөдрөтчү уюмдар катышты.