ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы – Ленин районунун №43 бала бакчасында кошумча 3 топ ачат

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгын колдоосунда 2015-жылдын 21-сентябрда саат 10.00до Ленин районунун №43 мектепке чейинки билим берүү уюмунда 90 балага үч кошумча топтун  ачылышы өткөрүлөт.

Иш-чара Бишкек шаары, Ала-Тоо конушу Таш-Арык көчөсү, №23 дарегинде өтөт.


Кошумча группалар №82 баштапкы мектепти кайрадан профилдөөнүн негизинде ачылууда. №43 бала бакчасынын имараты  эки топтук, тамактандыруусуз жана 1993-жылы эксплуатацияга берилип, 60 балага ылайыкталган.


Кайрадан профилдөөгө, капиталдык оӊдоого 2,5 миллион сом коротулду.