ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Ата-Түрк» сейил багынын аймагынан жер тилкесин кеӊейтип алуу фактысын аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти Малдыбаев көчөсү «Ата-Түрк» сейил багынын чыгыш тарабындагы  жер тилкелерине текшерүү өткөрдү. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жеке турак-жай курулуш департаменти 6 метрге чейинки муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеӊейтип алуу боюнча 22 факты аныкталды.


Малдыбаев көчөсү, №25, 26, 22, 23, 21, 20, 19, 14, 8, 26, 27, 28, 29, 30, 33, 4, 8, 9, 9, 15, 15/1, 5, 4  даректеринин ээлерине  «Аныкталган бузууларды чектетүү жөнүндө» эскертүүсү берилип, 30.08.2015-ж. чейин чектетүү мөөнөтү берилген.


Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаментинин эскертүүсүн аткарбагандыгына байланыштуу материалдар Октябрь райондук сотуна жиберилди.