ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын мектептери Эл аралык музыкалык форумга катышты

№4 балдар искусство мектебинин окуучулары мэриянын колдоосунда Румыния, Венгрия жана Сербия өлкөлөрүндө өткөн Эл аралык музыкалык форумга катышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгы колдоосунда  ансамбль жамааты Кыргызстан маданиятын жогорку деӊгээлдн аткарышты.


Ансамблдин программасына «Шериктеш», «Стан Манаса», «Акыя», «Ала-Арча» жана  «Ысык Көл», «Кара-Жорго» бий композициялары кирди.


Ошондой эле, «Манас» эпосунан үзүндүлөр жана жалпы жамааттын аткаруусунда «Эсимде» композициясы жаӊырды.


Чыгармачылык жамаат тарабынан 11 хореографиялык  жана 5 инструменттик композиция даярдалган. Бардык чыгармалар кыргыз улуттук аспаптарынын коштоосунда «Жандуу үн» менен өткөрүлдү. Ошондой эле, кыргыз улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлдү.


«Көпчүлүк шаар тургундары бизге келип, кыргыз улуттук аспаптарына кызыгып жатышты»,-деди форумдун катышуучусу.


Жыйынтыгында мектеп жамааты 2016-жылы Мексикада өтө турган Дүйнөлүк Фольклориадага чакыруу алышты.