ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясында 15-сентябрда шаардык муниципалитеттин жетекчилери менен Кыргызстандын саясий партияларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун башында калаа башчысы Кубанычбек Кулматов партия өкүлдөрүнө үгүт материалдарын таратууда мыйзамдын нормаларын сактоону эскертти.


«Үгүт материалдарды бактарга, эстеликтерге, имараттарга, дубалдарга, аялдамаларга, транспортторго жана мамыларга чаптоого тыюу салынат»,-деп белгиледи калаа башчысы.


Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоо өткөрүлгөндөн кийин жеӊип чыккан партиялардын өкүлдөрү менен шаар ичиндеги үгүт материалдарды чогултуу үчүн ишембилик өткөрүү жөнүндө демилгеси көтөрүлдү. Жалпы шаардык «ишембилик» жөнүндөгү идеяны бардык партиялар колдоду.


Ошондой эле, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруучулук маселелер талкууланды.


Жолугушуунун соӊунда 2015-жылы парламенттик шайлоону өткөрүү маселеси боюнча  жума сайын мэриянын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алдынды.