ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калаанын санитардык нормаларын бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан «Апогей» соода үйүнүн кызматкерлери тарабынан таштандылар белгиленбеген жерге башаламан ташталгандыгы аныкталды.

Аталган жер антисанитардык абалга жеткен.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан «Апогей» соода үйүнүн администраторунун атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.