ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын базарларынын сатуучулары шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан «Орто-Сай» базарынын аймагындагы соода күркөсүнүн ижарачысы таштандыларды белгиленбеген жерге таштагандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан соода күркөсүнүн ижарачысынын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кийинки кароосуна жиберилди.