ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы чыгарылбаган таштандылар боюнча whatsapp колдонмого келип түшкөн арыздардын биринчи жыйынтыктарын билдирет

Бишкек шаарынын мэриясы 2015-жылдын 2-сентябрдан 9-сентябрга чейин райондук администрациялардын акимдеринин орун басарларынын whatsapp колдонмосуна таштандынын чыгарылбагандыгы тууралуу 441 арыз келип түшкөндүгүн билдирет.

Ленин районунун акиминин орун басарынын телефонуна 88 кайрылуу келип түшкөн. Алардын аткарылганы 46 кайрылуу, 17 кайрылуу «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» мекемелерине, ошондой эле, райондун МАБдарына  жиберилди.  2 кайрылуу административдик комиссиясынын жыйынында каралат. Калган бөлүгү башка райондорго жөнөтүлдү.


Октябрь району боюнча 187 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен: 150 кайрылуу аткарылды, 13 шаар тургуну райондорду алмаштырып алган, 35 арыз учурда иштелүүдө, 1 кайрылуу күркөнү алып салуу боюнча соода бөлүмүнө жиберилди жана курулуш таштандыларын таштоо фактысы боюнча 1 кайрылуу Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясына жиберилди.


Биринчи май райондук администрациясына 124 кайрылуу келип түшкөн, аткарылганы 107 кайрылуу, 13 шаар тургуну райондорду алмаштырып алышкан жана 4 кайрылуу иштелүүдө.


Свердлов районуна 42 кайрылуу келип түшкөн, аткарылганы 42 кайрылуу.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан чыгарылбаган таштандылар боюнча төмөндөгү номерлерге кайрылууларын суранат:

Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин  району) — 0556 25-05-82;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0777 55-22-11;

Омукеев Акматалы Абдымаликович (Биринчи май  району) — 0771 57-71-82;

Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов  району) — 0773 56-73-70.