ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун акими шайлоо күнү шайлоо участкаларында иштей турган Мамлекеттик каттоо кызматынын операторлору менен жолугушуу өткөрдү

Биринчи май райондук админимстрациясынын башчысы Аскербек Алиев шайлоо күнү шайлоо участкаларында иштей турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын операторлору менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдыктар тууралуу маалымат берип өттү. Райондук администрация МКК жана МАБдар менен биргеликте жарандардын  биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча чоӊ иштерди аткарды. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 112 миӊден ашык жараны биометрикалык маалыматтарды тапшырды.

Биринчи май районунун акими алдыдагы шайлоо КР жарандарын биометрикалык маалыматтарынын негизинде түзүлгөн тизме менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.


Шайлоого даярдануунун алкагында райондун аймагында 55 шайлоо участкалары ачылып, штабдар түзүлдү.


2015-жылдын 19-сентябрга чейин жарандар шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн тактоолору керек же болбосо, Борбордук шайлоо комиссиясынын - www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан жана Мамлекеттик каттоо кызматынын www.shailoo.srs.kg тактоолору керек.


Иш-чарага Бишкек шаардык аймактык комиссиясынын төрагасы М. Айдаров, МКК Департаментинин башчысы М. Алыбаев, ошондой эле, шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.