Калаанын Октябрь районунда балдар аянтчасы ачылды
- Подробности
- Опубликовано 07.09.2015 18:15
Октябрь районунун №7 үйүнүн короосунда балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.
Балдар аянтчасынын расмий ачылышында Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Алмаз Кененбаев жана Роман Шин, №7 МАБдын башчысы, үй комитети жана жакынкы үйлөрдүн жашоочулары катышты.
Кезегинде район башчысы Болот Алымкулов аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларды куттуктап, бекем ден соолук, ийгиликтерди каалады.
Район башчысы аталган аянтчанын курулушу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин колдоосунда курулгандыгын белгиледи.
Калаада бардыгы 12 аянтча куруу пландалган. Алардын көпчүлүгү эксплуатацияга берилип, кичинекей шаар тургундарына кубаныч тартуулоодо.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |