Бишкек шаарынын мэриясы жеке ишкерге айып салды
- Подробности
- Опубликовано 28.08.2015 19:02
Биринчи май району боюнча Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлорунун кезектеги текшерүүсүндө «Электрофарфор» кеӊсесинин аймагында көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.
СЭИ кызматкерлеринин билдирүүсү боюнча, Токтогул көчөсү, №170 дарегинде жайгашкан «Электрофарфор» кеӊсесинин түштүк-батыш тарабы антисанитардык абалга жеткен.
Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан жеке ишкер Шипилов В.И.нин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.
Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кезектеги жыйынында 5000 сом өлчөмүндө айып салынды жана жогоруда аталган аймак иретке келтирилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.10.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |