Бишкек шаарынын мэриясы «ВЕФА» соода борборунун башкы директоруна айып салды
- Подробности
- Опубликовано 29.08.2015 16:15
Горький көчөсү, 27/1 дарегинде жайгашкан «ВЕФА» соода борборунун кызматкерлери аймактын батыш тарабына курулуш таштандыларын башаламан таштаган.
«Көрктөндүрүү эрежелерин» бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Биринчи май район боюнча рейддин жүрүшүндө аныкташты.
Аталган даректин башкы директору «Озгюн Иншаат Таахют ве Тижарет» Хулуси Айвердин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Биринчи май районунун административдик комиссиясынын кезектеги жыйынында 10миӊ сом өлчөмүндөгү айып салынды.
Жогоруда аталган аймак иретке келтирилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
13.09.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |