ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкек шаарындагы КТК башкаруу боюнча долбооруна» ылайык таштандыларды чогултуу үчүн контейнерлерди алып келүү боюнча биринчи келишимге кол койду

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгынын директорунун орун басары Аскар Исаков 26-августта "Азияавтоцентр" (Кыргызстан)  жана  «РГ-техно» (Россия) консорциумунун директорлору Станислав Колесников менен 5 миӊден ашык таштанды контейнерин алып келүү үчүн келишимге кол койду.

Тендер ачык соода форматында өткөрүлдү.


Тендерге 4 компания катышты: «Elcoplast CZ» чеш компаниясы, «UnitExportLimited» англис компаниясы "Азияавтоцентр" (Кыргызстан)  жана  «РГ-техно» (Россия) консорциуму, «Kirac Metal» түрк компаниясы.  Тендер эки агымда өткөрүлдү.


1-агым 1,1 куб метр евроконтейнерлер жана желим бактарды, 2-агым сыйымдуулугу 10 куб метр контейнерлерди алып келүү.


Келишим боюнча 1,1 куб метр өлчөмүндөгү 5326 евроконтейнер, мектептерде таштандыларды бөлүп салуу үчүн 300 желим бак жана 10 куб метр сыйымдуулуктагы  чечилме контейнерлер сатылып алынат.


Контейнерлерди жеткирип берүү график боюнча каралып, жеткирүүнүн жалпы мөөнөтү 6 айдан ашпайт, желим бактарды алып келүүгө 1 ай мөөнөт берилди. 2000 контейнер биринчи эки айда, андан кийин 2 миӊ кийинки эки айда жана калган 1326 контейнер бешинчи, алтынчы айда алынып келинет. Чечилме куб метрлик контейнерлер 3 айдын ичинде алынып келинет.