ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов калаанын казандарынын 2015-2015-жылы күз-кыш мезгилине даярдыктарын текшерди

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов алдыдагы жылуулук мезгилине казандардын даярдыгын текшерүү үчүн пресс-тур өткөрдү.

Пресс-турдун жүрүшүндө ЖМК өкүлдөрү КЭЧ-2, «Гагарин» жана №75 орто мектептин казандарынын иштеши менен таанышты.


Калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун айтуусу боюнча, көмүрдүн жалпы  керектөөсү 15 миӊ тоннаны түзөт.  Бүгүнкү күндө 5 тонна көмүр даярдалды.


«Биринчи жолу газ жана көмүр жеткирүүчү бөдрөтчүлөрдүн алдында карызыбыз жок. Бардык иш-чаралар план боюнча жүргүзүлүүдө. Керектелген көмүр алдын ала сатылып алынат. Бардык жылуулук мезгилине тийиштүү маселелер чечилди»,-деди муниципалитет башчысы.


«Бишкекжылуулукэнергонун» директору Алымбек Абдылдаевдин билдирүүсү боюнча, 2014-жылы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы калаанын жалпы билим берүү мекемелеринин 17 кичи көмүр казанын модернизациялоо үчүн 12 миллион сом каражат бөлүндү. Шаардык бюджеттен каржылоо 2 миллион сомду түздү.
2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине бардык 57 казандар даярдалды,  2,7 км эскирген жылуулук тармагы алмаштырылды.

 

2015-жылдын апрель айынан июль айына чейин 173 үйдүн үй ичиндеги жылуулук жабдуу тутуму алмаштырылды.