ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шайлоо участкалары ачылды

19-августтан 19-сентябрга чейин «Шайлоочулардын тизмесинен өзүӊдү текшер» кампаниясы өтүүдө. Шаар тургундары катталган жеринен шайлоо участкаларына барып, шайлоо тизмесинен өздөрүн текшерүү керек.

Бишкек шаарында 19-августта 204 шайлоо участогу ачылды. Ар бир участокто биометрикалык маалыматтарды чогултуунун негизинде шайлоочулардын тизмеси жарыяланган.


Бишкек шаарынын каттоосуз тургундары үчүн 39 кошумча шайлоо учаскалары ачылды. Азыркы учурда Бишкекте жашап жаткан Кыргызстандын аймагында катталган жарандар  шайлоочулардын тизмесине кошуу үчүн атайын форманы толтуруу зарыл.


Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында жана райондук администрацияларда шаар тургундарынын кайрылууларын кабыл алуу үчүн «кызуу линия» иштеп жатат.


Кызыккан суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаӊыздар болот:


Бишкек шаарынын мэриясынын аппараты – 61-39-35, 61-02-82;


Ленин  району – 65-69-03;

Октябрь  району – 57-54-30;

Биринчи май  району – 62-11-56;

Свердлов  району – 53-13-29.