ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада баскетбол 3х3 - "BISHKEK OPEN 2015" боюнча экинчи чемпионаттын ачылышы болуп өттү

Калаанын эски аянтында Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунун алдында баскетбол 3х3 - "BISHKEK OPEN 2015"  боюнча экинчи чемпионаттын ачылышы болуп өттү.

Мелдешке 60 команда катышат. Анын ичинде Россия, Өзбекстан жана Казакстандын спортчулары. Баскетбол аянтында профессионалдуу спортчулардан тышкары аталган спорттун күйөрмандары да ойношот. Эреже боюнча ар бир команда үчтөн оюнчу болот. Мелдеш 22-августтан 23-августка чейин эки күнгө созулат. 23-августта чемпионаттын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлөт.


Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Баскетбол Федерациясы уюштурду.