ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда узартылган иш графиги менен биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункту ачык

Свердлов райондук администрациясынын билдирүүсү боюнча, биометрикалык маалыматтарды тапшырууда шаар тургундарына ыӊгайлуу болуусу үчүн биометрикалык малыматтарды каттоо пунктары узартылган иш графиги боюнча иштөөдө.

Райондук администрациянын имаратында чогултуу пункту ачык жана саат 09:00 дан 22:00 го чейин жана ЦУМда -  саат 11:00 дөн 20:00 го чейин иштейт.


Ошондой эле, биометрикалык маалыматтарды каттоо пунктары төмөнкү даректер боюнча иштөөдө:
    
«Бишкек почтасы» МП - Чуй проспектиси №96
№8 ҮБД –Чуй проспектиси №40                         

№10 ҮБД – Бөкөнбаев көчөсү,  №61

№5 ҮБД –. Көлбаев көчөсү, №42            

№17 МАБ –  Чыгыш – 5 кичи району, №66 Орто мектеби

Свердлов районун  жарандардын актылык абалын каттоо  –Чуй  проспектиси №67   

№19 МАБ,  Оптима банк –  Ауэзов көчөсү,  №1/1

(Аламедин базары)                       

Дордой базары –Чымкент унаа токтотуу жайы

«Табылга»   СК                                  
Свердл.р-нун Калкты тейлөө борбору – Сүйүнбаев көчөсү,  №73
«Ак-Жар» ж/к – 5 көчө, кварталдык комитет.


Мындан тышкары, райондун аймагындагы  коомдук жерлерде, соода борборлорунда  жана уюмдарда биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн ыкчам топтор иштөөдө.


Свердлов райондук администрациясы шаар тургундарынын алдыдагы шайлоого катышуу үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшырууга чакырат.