ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун башчысы кезектеги жыйынын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын жыйын залында район башчысы Болот Алымкулов райондук кызматтардын жетекчилери менен кезектеги пландык жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө жылытуу мезгилине даярдануу жана райондун аймагында жашаган аз камсыздалган үйбүлөлөргө көмүр, катуу отун түрүндө жардам берүү талкууланды.


Мындан тышкары, Октябрь району боюнча «Тазалык» МИ жана «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасына тиешелүү маселелер көтөрүлдү. Район башчысы Октябрь району боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчисине КТК өз убагында чыгаруу тапшырмасын берди.  Райондун бир нече МАБдарына санитардык абал жана короо ичтерин көрктөндүрүү боюнча сындар айтылды.


Аталган жыйындын соӊунда район башчысы №7, 8, 6, 11 МАБдардын башчыларына жана орун басарларына милдеттерин аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялады жана бардык багыт боюнча иштерди активдештирүүнү талап кылды.