ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы сугат үчүн скважиналарды калыбына келтирүүнүн жүрүшүн текшерди

Бишкек шаарынын мэриясы “Жашылдандыруу” МИнын балансындагы сугат скважиналарын калыбына келтирүү жана реаблитациялоонун жүрүшүн текшерди.

Скважиналар Советтер Союзунун убагында курулган. Бүгүнкү күнгө чейин шаардык бюджетте акча каражаты жетишпегендигине байланыштуу калыбына келтирилип, оңдолгон эмес.


Ушунча  жылдан бери бул жылы Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун демилгеси менен 4 скважинаны калыбына келтирүү жана 1 скважинаны куруу бюджеттин сметасына киргизилди.


4 скважинаны калыбына келтирүү менен калаанын түштүк-батыш тарабы суу менен камсыздалат. Анын ичинде парктардын ирригациялык тармагы жана сейил бактар. Ошондой эле, сугат унаалары калыбына келтирилген скважиналардын эсебинен толтурулат.


Мындай скважиналардын бири Жеӊиш паркынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Экинчиси  Ата-Түрк сейил багынын түштүк-батыш бөлүмүндө. Үчүнчү скважина №4 шаардык ооруканасында, ал эми акыркысы АЗС дан Жукеев -Пудовкин А. Токомбаев көчөсүнүн кесилишине чейинки түштүк-батыш тарабында жайгашкан.


Мындан тышкары, Чолпон-Ата көчөсүнүн түштүк-батыш бөлүгүнө дагы бир скважинаны куруу пландалууда. Скважиналарды

эксплуатацияга берүү менен Чолпон-Ата көчөсү боюнча Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин сугат суусу менен камсыз болот.


Белгилей кетсек, скважиналарды оӊдоо, калыбына келтирүү үчүн шаардык бюджеттен 15 млн.сом каражат каралган.