ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык “Алга” командасы экинчи матчта теңтайлаш ойноду

Азия футбол конфедерация 2016 кубогуна тандоонун алкагында шаардык “Алга” командасы Бангладештин Шейх Жамал Хамонди командасы менен теңтайлаш ойноду. Матч 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Биринчи голду футболист Ильдар Амиров киргизди, бирок, экинчи таймда Бангладештин оюнчусу кийирип, эсепти теңдеди. Өзүнүн жеңиш голун Онуох Емек киргизди.

Турнирдик таблицада Шейх Жамал Хамонди менен “Алга” командасынын упайлары бирдей, бирок, өткөн оюндун жыйынтыгы менен биринчи орунга Бангладештин командасы чыгып, АФК Кубогунун плей-офф үчүнчү раундунун катышууга мүмкүнчүлүк алды.


Шейх Жамал Хамонди командасы “Алга” командасын  “профессионал - команда” деп  жана жеңүү оңой болбогондугун белгиледи.


“Алга” командасынын машыктыруучусунун айтуусу боюнча жеңилүүнүн негизги себеби кышында даярдыктар толук болбой калган.


“Бардыгыңыздарга, колдоочуларга, уюштуруучуларга жана Бишкек шаарынын мэриясына терең ыраазычылык билдирем. Ар бир оюнчу берилип ойноду. Эч кимге доомат жок. Биз аракет кылдык. Каталардын үстүнөн иштейбиз”,-деди “Алганын” машыктыруучусу.


Пресс-конференциянын жыйынтыгында “Алга” командасы конокторду жеңиши менен куттуктап, ийгилик каалады.