ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Ата-Түрк сейил багында ишембилик өткөрдү

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун демилгеси менен жалпы ишембилик болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн,  МАБдардын, кызматкерлери,  шаар тургундары болуп жалпысынан 500 дөн ашык адам катышты.


«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынан  жүктөгүч, трактор, мунара, чөп чапкыч техникалары тартылды. Ишембиликтин катышуучуларына таштанды чогултуу үчүн баштыктар, кол каптар, тырмоо жана күрөктөр таратылды.


Ишембиликтин бир айлыгынын алкагында калаанын төрт районунун сейил бактарында ишембилик жүргүзүлөт.


Аталган ишембиликке Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэрлер Айгуль Рыскулова, Геннадий Милицкий, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, «Жашылдандыруу» МИнын башчысы Анвар Атантаев, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары,  Октябрь районунун МАБ, Чон-Арык айылынын МАБдардын, кызматкерлери, жакынкы үйдүн тургундары катышты.