ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков казылган жерлерди калыбына келтирүү жана жеӊилдетилген типтеги конструкцияларды алуу боюнча жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын  жыйын залында биринчи вице-мэр Замирбек Малабековдун жетекчилиги алдында казылган жолдорду калыбына келтирүү жана оӊдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу баннерлерди орнотуу, шаар тургундарын алдын-ала эскертүү, ошондой эле, жеӊилдетилген типтеги конструкциялар боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйында суу түтүктөрүн оӊдоо үчүн казылган жерлер шаардыктар, айдоочулар  үчүн ыӊгайсыздык жараткандыгы жана жаӊы салынган жолдор казылгандан кийин калыбына келтирилбей жаткандыгы, ошондой эле, жеӊил конструкцияларга уруксат берүү, мыйзамсыз конструкцияларды алып салуу жана көзөмөлдөө талкууланды.
 
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырмаларды берип, тез арада аткарууну талап кылды. Ошондой эле, айрым бөлүмдөрдүн жетекчилерине эскертүүлөрдү берди.
 
«Токтогул көчөсүнүн эки тарабын теӊ казылып турат. Ал жерде шаар тургундарына бир дагы эскертүү баннери жок. Ким казып жатат, качан бүтөт эч маалымат жок. Казылгандан кийин калыбына келтирилип жатабы, казууга уруксат алдыбы көзөмөлдөө керек»,-деди Замирбек Малабеков.
 
Мындан тышкары, биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков жыйындын жүрүшүндө шаар тургундарынын бардыгы  салык төлөмдөрдү 1-сентябрга чейин төлөөгө милдеттүү экендигин белгиледи.
 
Аталган жыйынга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков, Капиталдык курулуш башкармалыгын башчысы Султанбек Усенов, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева, райондордун акимдеринин орун басарлары, Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүм жетекчилери катышты.