ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Азия Футбол Конфедерация Кубогуна тандоо раундунун алдында пресс-конференция өттү

Бишкекте катышуучу командалардын  машыктыруучулары жана капитандарынын катышуусунда Азия Футбол Конфедерация Кубогуна тандоо раундунун алдында пресс-конференция өткөрүлдү.

«Бенфика де Макао» командасынын капитанын айтуусу боюнча, алар алдыдагы матчка катуу даярданып,жакшы жыйынтык көрсөтүшөт.


“Оюнда башкы нерсе физикалык даярдануу гана эмес, психологиялык колдоо жана моралдык туруктуулук да керек. Бул нерселер татыктуу ойноого жардам берет деп ойлойм”,-деди Макаодон команда капитаны.


«Шейх Джамал» командасынын капитаны кыргыз командасы абдан күчтүү деп эсептейт.


Кезегинде “Алга” ФК капитаны беттешүүчү командалар тууралуу маалыматтары болгон эмес, болгону оюнга тынымсыз даярдануу керектигин белгилешкен.


Турнирге катышуучу командалардын капитандары жана КР Футбол федерациясынын өкүлдөрү оюн тууралуу алдын ала кандайдыр бир жыйынтык берүүнү токтотту.


Эскерте кетсек, матчка калаанын “Алга” командасы «Бенфика де Макао» (Макао) жана «Шейх Джамал» (Бангладеш) командалары катышат.


Бишкек шаарынын мэриясы жана “Алга” футболдук клубу шаар тургундарын жана конокторду сүйүктүү командасын колдоп кетүүгө чакырат.


Бардык матчтар 18.00до башталат. Кирүү акысыз.