ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолукту

Калаа мэриясында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен Украинанын КР Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Дорошенко менен жолдугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек жана Киев шаарларынын арасында кызматташуу талкууланды.


“Мен үчүн сиздердин шаарыңыздарда болуу чоң сыймык. Жылуу кабыл алгандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Биз Бишкек жана Киев шаарларынын кызматташуусуна кызыктарбыз”,-деди Николай Дорошенко.


Жолугушуунун жыйынтыгында Украинанын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси калаа башчысы Кубанычбек Кулматовду сүрөт көргөзмөгө чакырды. Ошондой эле, аталган сүрөт көргөзмөнү Бишкекте өткөрүүгө жардам берүүнү суранды. Сүрөт көргөзмөнүн мааниси – украиналык аялдардын 19-20-кылымдардагы улуттук кийимдери көрсөтүлөт.


Ошондой эле, Николай Дорошенко эки шаарда тең кыргыз аялдары тууралуу сүрөт көргөзмө өткөрүүнү сунуштады.


Элчинин айтуусу боюнча мындай көргөзмөлөр маданияттын жакындашынын башаты.