Бишкекте социалдык-маанидеги жана өзгөчө жугуштуу оорулар боюнча координациялык комитеттин жыйыны өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 12.08.2015 21:22
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын жетекчилиги алдында Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жыйын залында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу координациялык көп секторлуу комитеттин социалдык-маанидеги жана өзгөчө жугуштуу оорулар боюнча жыйыны болуп өттү.
Күн тартибинде оорулардын абалы, адамдар жана жаныбарлар арасында кутурма оорусу менен күрөшүү чаралары, калк арасында ВИЧ/СПИД оорулары талкууланды.
Берилген суроолор боюнчасаламаттыкты сактоо департаментинин жетекчилери жана адистери доклад кылышты.
Жыл сайын республикада адамдар арасында 1-2, Ошондой эле, жаныбарлар арасында 60-100 кутурма оорусу катталат.
2015-жылдын 6 айында калаанын медициналык мекемелерине айбанаттардын кабууларына кабылган 1535 адам катталган. Эпидемиологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында 78% иттин кабууларына кабылгандар экендини аныкталды. Кабуулардын, тиштөөлөрдүн башкы себеби үй жаныбарларын багууда эрежелерди сактабагандыктан келип чыгууда.
Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык абал жана социалдык – маанидеги ооруларды алдын алуу жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ошондой эле, 2015-2020-жылдарга комплекстүү план бекитилген.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |