Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз курулуштарды аныктады
- Подробности
- Опубликовано 12.08.2015 11:46
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин кезектеги текшерүүсүндө муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеңейтип алуу фактысы аныкталды.
“Көлмө” конушу Илим көчөсү, №36 дарегинде жашаган Дилде Чоткараева муниципалдык жердин эсебинен 21,4 х 9 м өлчөмүндөгү дубал куруп алган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту токтом кабыл алып, 10 миң сом өлчөмүндөгү салык салды. Ошондой эле, капиталдык тосмону алып салуу чечимин чыгарды.
2015-жылдын 11-августта жогоруда аталган токтомдун негизинде курулуш түрттүрүлдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |