ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын Ауэзов көчөсү боюнча жол кыймыл ачылды

Бүгүн, 12-августта Ауэзов көчөсү Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жол кыймылы ачылды.

Анкара көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүн 2,7 км узундугу  кайрадан куруу иштери  18 майда башталган. Аталган көчө капиталдык  оңдоо жүргүзүлүп, эки катмар асфальт төшөлдү жана жээк таштар орнотулду. Азыркы учурда тротуар, арыктарды куру, жол белгилерин орнотуу жана түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле, тышкы жарыктандыруу орнотулуп жатат. Учурда тендер жарыяланды. Белгилей кетсек, аталган көчөдө мурда тышкы жарыктандыруу болгон эмес.


Жолду оңдоо иштерин «China Road» кытай компаниясы жүргүздү.