ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын мектептеринде окуган окуучулар Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы калаанын мектептеринде окуган окуучуларына “Келечек” жайкы лагеринде эс алууну уюштурду.

Ленин районунун Билим берүү борборунан жетектөөчү адиси Ольга Шарапованын айтуусу боюнча, балдардын эс алуусу эки агымда жиберилди: биринчи агым 2-июлдан 12-июлга чейин 100 бала эс алышты. Бүгүн лагерге 302 бала келди. Алар 8-августтан 18-августка чейин эс алышат.


“Балдар үчүн администрация кызыктуу көңүл ачуучу программаларды даярдады. Балдар кыймылдуу оюндарга, эстафета, спартакиадаларга катышышат. Алар үчүн  “Даңк мүнөтү”, “Чатырман токойго чакыруу”, “Бийчилер бийлейт”, “Молекула” конкурстары өткөрүлөт, ошондой эле, Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышат”,-деди Ольга Шарапова.


Лагерлерде эс алуу ден соолукту бекемдөөгө, балдардын ооруларын алдын алууга, тамактануу режимин сактоого жана коомдо жигердүү болууга багытталган. Эс алуучулар  4 түрдүү тамактануу менен камсыздалган жана балдарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн медпунк жайгаштырылган.


Балдар менен калаанын ЖОЖдорунун студенттери жол баштоочулар иштешет. Жол баштоочулардын (вожатый) бири Арабаев атындагы КМУнин студенти Бегайым Молдошева ишинин кызыктуу экендигин айтып берди.


“Лагерде бир нече күндөн бери иштейм. Бул жумушту баштоонун астында үч айлык курстан өттүк. Балдар менен иштөө мага абдан жагат. Алар менен күнүбүз абдан кызыктуу өтөт. Мага эң кичинекей 6 жаштан 8 жашка чейинки эс алуучулар келди. Бул жакта иштеп, чоң тажрыйба алам деп ойлойм”,-деди Бегайым Молдошева.


Аталган эс алууга жетим, толук жетим балдар, аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн, көп балалуу үйбүлөлөрдүн, ЧАЭС катышуучуларынын, апрель революциясынын катышуучуларынын жана “Коломтодо” убактылуу жашаган үйбүлөлөрдүн  балдары жиберлди. Ошондой эле, мектептин алдынкы окуучулары, олимпиаданын жеңүүчүлөрү эс алышууда.