ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы балдарды жайкы лагерге узатты

Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Ысык-Көлгө эс алууга жиберди.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова балдарды “Оберег” калыбына келтирүү борборунун Ысык-Көлдөгү филиалында эс алууга узатып, балдарга ден соолук жана жагымдуу эс алуу каалады.


“Ысык-Көл – ден соолуктун жана үмүттүн жээги” долбоору “Оберег” КБ коомдук уюму менен биргеликте жыл сайын ишке ашып келет.


Бул жылы 130 Бишкек шаарында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөр жана 26  калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучулары жиберилди.


Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 480,0миң сом каражат каралды.


Долбоордун максаты балдарды Ысык-Көлдө эс алдыруу гана эмес, ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү.