ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шайлоочулардын идентификациялоо боюнча жабдууну байкоо тестирлөөсүнүн биринчи этабынын жыйынтыктары аныкталды

Бишкекте биометрикалык маалыматтарды чогултуунун негизинде шайлоочулардын идентификациялоо  боюнча жабдууну байкоо тестирлөөнүн биринчи күнкү жыйынтыктары белгилүү болду.

Тестирлөө төрт райондун  189 аймактык шайлоо участкаларында өткөрүлдү. Төрт район боюнча маалыматтар базасынан өздүгүн текшерүү үчүн 4346 келди. Алардын ичинен 3699 адам тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү жана  алдыдагы шайлоого катыша алышат.


Тестирлөөдөн өздүк маалыматтары туура келбеген шаар тургундары 2015-жылдын 8-августка чейин шайлоо участкаларынан тактай алышат же болбосо, 2015-жылдын 20-сентябрга чейин биометрикалык маалыматтарды чогултуу пунктарынан өздүк маалыматтарын тапшыруусу зарыл.


Бишкек шаарынын биометрикалык маалыматтарды чогултуу пунктарынын даректерин Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтынан табууга болот http://old.meria.kg/