ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада шайлоочулардын идентификациялоо боюнча жабдууну байкоо тестирлөөсү жыйынтыкталды

Бишкекте биометрикалык маалыматтарды чогултуунун негизинде үч күндүк шайлоочулардын идентификациялоо  боюнча жабдууну байкоо тестирлөөсү жыйынтыкталды.

Бишкектиктер иш-чарага жигердүү катышты. Тестирлөө төрт райондун  189 аймактык шайлоо участкаларында өткөрүлдү.


Үч күндүн ичинде өздүк маалыматтарын текшертүү үчүн 13 миң 972 адам келди. Алардын ичинен 12 миң 419 адам тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, өздөрүн тизмеден таба алышты.


Эң жигердүү жашоочулар Свердлов районунун тургундары экендиги аныкталды. Свердлов районунан  өздүк маалыматтарды текшертүү үчүн 4 миң 858 адам катышты. Октябрь районунан 3 миң 348, ленин районунан 2 миң 913 жана Биринчи май районунан 2 миң 853 адам катышты.


1 миң 353 адам маалыматтар базасынын тизмесинен өздөрүн таба албады.


Тестирлөөнүн жүрүшүндө көпчүлүк шаар тургундары биометрикалык маалыматтарды тапшырбагандыгы белгилүү болду.  Бул шаардыктардын өздөрүн шайлоо тизмесинен таба албагандыгынын негизги себеби.

2015-жылы парламенттик шайлоого катышууга тоскоолдуктар болбоосу үчүн  Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын шайлоо тизмесинен текшерүүнү суранат. Өздүк маалыматты төмөнкү сайттардан текшерүүгө болот: http://grs.gov.kg/, http://www.shailoo.gov.kg

Эгерде кимдир бирөө жогорудагы сайттан шайлоочулардын тизмесинен таба албаса, 2015-жылдын 20-сентябрга чейин биометрикалык маалыматтарды чогултуу пунктарынан өздүк маалыматтарын тапшыруусу зарыл.
Бишкек шаарынын биометрикалык маалыматтарды чогултуу пунктарынын даректерин Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтынан табууга болот http://old.meria.kg/

 

Бишкек шаарынын мэриясы жигердүү катышкан шаар тургундарынан ыраазычылык билдирет.