Бишкек шаарынын мэриясы Ала-Тоо мрамор косплексин тазалоону жүргүзүүдө
- Подробности
- Опубликовано 08.08.2015 12:07
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата калаанын Ала-Тоо мрамор косплексин тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилүү болгондой, мрамор имараттары курулгандан бери бир дагы жолу тазаланган эмес.
Ала-Тоо комплекси өзүнө “Илбирс” жана Агропром имараттарын камтыйт. Азыркы учурда тазалоонун биринчи этабы жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын айтуусу боюнча, экинчи этапта Тарых музейи жана Филармонияны тазалоо пландалууда.
Мрамордук имараттарды тазалоо менен Манас эпосунун баатырынын эстелиги да тазаланды.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, имараттарды жана эстеликтерди жуу иштери жаңы суу чачуучу технологиянын жардамы менен жүргүзүлүүдө. Бул сыяктуу технология кыйла эффективдүү болуп саналат.
Мрамордук имараттарды жууп, тазалоо иштери 27-июлда башталды жана үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин улантылат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
21.03.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |