ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов улуу муундун өкүлдөрү менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана шаардык коммуналдык кызматтардын кызматкерлери Бишкек шаарынын пенсионерлери менен жолукту. Иш-чараны Лидия Фомова атындагы калкты социалдык коргоо коомдук бирикмеси уютуштурду.

Кубанычбек Кулматов улуу муун шаардын жигердүү тургундары экенин белгилеп, алардын аркасында шаардык чарба кызматы өз иштерин ыкчам аткарып жатканын белгиледи.


Жолугушууда улуу муундардын жана пенсионерлердин көйгөйлөрү талкууланды. Мэрге калаа жолдору, жарыктандыруу жана коомдук транспорт боюнча суроолор берилди.


№6 кичи райондо жашаган пенсионерлердин бири калаа башчысына жарыктандырууну калыбына келтиргендиги үчүн ыраазычылык билдирди.


“Май айында уюштурулган мэр менен жолугушуудан кийин биздин райондо жарыктандыруу калыбына келтирилди. Жашоочулардын атынан сиздерге жана “Бишкексветке” терең ыраазычылык билдирем”,-деп ыраазычылык билдирди.


Жолугушууга вице-мэр Алтынай Өмүрбекова, коммуналдык-тиричилик кызматынын жетекчилери, Л.М.Фомова атындагы калкты социялдык коргоо коомдук бирикмесинин төрайымы Ирина Полити жана ADRA Кыргызстандын регионалдык директору Игорь Литвинов катышты.