Бишкекте шайлоочуларды далдаштыруу боюнча жабдууну сыноо тестирлөө башталды
- Подробности
- Опубликовано 06.08.2015 12:06
Калаада биометрикалык маалыматтарды топтоонун негизинде шайлоочуларды далдаштыруу боюнча жабдууну сыноо тестирлөө башталды.
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаевдин айтуусу боюнча, жабдууну текшерүү калаанын аймагында 2015-жылдын 6,7,8-августта жүргүзүлөт.
“Бардык шаар тургундары өздөрүнүн шайлоо участогуна барып биометрикалык маалыматтарды тапшыргандыгын аныктай алат”,-деди Нурдин Тынаев.
Тестрилөө иши төмөнкү түрдө өткөрүлөт:
- Шаар тургундары паспорттору менен өздөрүнүн шайлоо участогуна барат;
- Атайын аппараттын жардамы менен бармак тагы алынат;
- Эгерде биометрикалык маалыматты тапшырган болсо, тапшыргандыгы тууралуу маалымат чыгат;
- Оператор базада берилген маалыматты ички паспорт менен салыштырат;
- Эгерде маалыматтар туура келсе, тесттен өткөндүгү тууралуу дүмүрчөк берилет.
Шаар тургундарына ыңгайлуу болуусу үчүн аймактык шайлоо комиссиясынын базасында тестирлөө өткөрүүнүн графиги түзүлгөн.
График менен төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар: график
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын шайлоо тизмесинен текшерүүнү суранат. Өздүк маалыматты төмөнкү сайттардан текшерүүгө болот: http://grs.gov.kg/, http://www.shailoo.gov.kg
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |