ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Евразия жергиликтүү бийлигинин конгрессине катышты

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Татарстандын алдындагы Казань шаарында өткөн Евразия жергиликтүү бийлигинин конгрессине катышты.

Конгресстин жүрүшүндө мэр Кубанычбек Кулматов жергиликтүү бийликтин  глобалдык чечим чыгарууда бир нече сунуштарды  киргизди.


“Дүйнөлүк уюмдарга катышууда  “Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер” тажрыйба алмашууда жардам берет. Бул инвесторлор жана өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттешүүсү. Жергиликтүү органдар инвесторлордун көйгөйлөрүнө  көбүрөк  көңүл бурушу керек.  Тилекке каршы, инвесторлор  көйгөйлөрү менен жалгыз калган учурда кездешет”,-деди калаа башчысы.


Конгресстин жыйынтыгында Евразия жергиликтүү бийлигинин Казань декларациясы кабыл алынды.


Иш-чарага жалпысынан дүйнөнүн 80  шаарынын мэрлери катышты.


Конгресстен тышкары, Кубанычбек Кулматов Казань шаарынын  коммуналдык кызматтарынын жетекчилери менен жолугуп, шаардык чарба маселелери талкууланды.