ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шахмат боюнча Азия чемипионатына катышкан калаанын курама командасы менен жолукту

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов шахмат боюнча Азия чемипионатына катышкан калаанын курама командасы менен жолукту.

Кубанычбек Кулматов шахматчыларды жеңиштери менен куттуктады. “Спорттун бул түрүн сүйдүрүү үчүн короолорго, сейил бактарга шахмат уюштуруп, ошондой эле, жалпы билим берүү уюмдарына шахмат боюнча программа киргизсек жакшы болот”,-деп белгиледи мэр.


Эскерте кетсек, биздин шахматчылар чемпионатта бир алтын жана эки коло медалды жеңип алышты.


Команданын капитаны Талант Мамытов Бишкек командасы мелдеште Кытай командасын 3:1 эсебинде жеңип алгандыгы кыргыз шахмат тарыхында биринчи жолу экендигин белгиледи. Коло медалды Чынгыз Исаев жана Тагир Таалайбеков, ал эми алтын медалды Мелис Мамытов жеңип алды.


Турнирге 16 команда катышып, Щвейцар тутуму боюнча 9 турдан өткөрүлдү. Жыйынтыгында бишкектик комианда 9 матчка катышып, анын 7син жеңип алды.


Чемпионат 21-июлдан 29-июлга чейин Васкадува шаарында (Шри-Ланка)  болуп өттү.