Октябрь районунун акими 55 жыл бирге өмүр сүргөн жубайларды куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 05.08.2015 16:01
Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов райондун аймагында жашаган 55 жыл бирге өмүр сүргөн жубайларды мааракеси менен куттуктады.
Жубайлар Юсуф Гатаулин 1929-жылы туулган жана Роза Давлетова 1939-жылы туулган. Алар 55 жыл бирге өмүр сүрүп, учурда бир уул, эки кыз, жети небере жана чеберелердин бактылуу ата-энеси.
Бүгүн жубайлар “зымырт тоюн” белгиледи жана Октябрь райондук администрациясынын башчысы мааракечилерди куттуктап, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.
Бишкек шаарынын мэриясынын жана Октябрь райондук администрациясынын атынан куттуктоо баракчасы жана 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Район башчысы ынтымактуу үйбүлөлөр башка үйбүлөлөргө үлгү болорун белгиледи.
Жубайлар 1970-жылдан бери Октябрь районунда жашап жаткандыгын белгилеп, район башчысына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
08.12.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |