ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун акими 55 жыл бирге өмүр сүргөн жубайларды куттуктады

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов райондун аймагында жашаган 55 жыл бирге өмүр сүргөн жубайларды мааракеси менен куттуктады.

Жубайлар Юсуф Гатаулин 1929-жылы туулган жана Роза Давлетова 1939-жылы туулган. Алар 55 жыл бирге өмүр сүрүп, учурда бир уул, эки кыз, жети небере жана чеберелердин бактылуу ата-энеси.


Бүгүн жубайлар “зымырт тоюн” белгиледи жана Октябрь райондук администрациясынын башчысы мааракечилерди куттуктап, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.


Бишкек шаарынын мэриясынын жана Октябрь  райондук администрациясынын атынан куттуктоо баракчасы жана 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Район башчысы ынтымактуу үйбүлөлөр башка үйбүлөлөргө үлгү болорун белгиледи.


Жубайлар 1970-жылдан бери Октябрь районунда жашап жаткандыгын белгилеп, район башчысына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.