ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санинспекция калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Гоголь – Жумабеков көчөсүндө жайгашкан күркөнүн айланасына таштандылар башаламан ташталгандыгы аныкталды.

Аталган жер антисанитардык абалга жетип, санитардык нормалар жана шаарды көрктөндүрүү эрежелери сакталган эмес.

 

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан күркөнүн ижарачысы Абдылдаева В.С.нын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.