ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Ала-Тоо” конушунда муниципалдык жерди басып алуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменитинин кезектеги текшерүүсүндө “Ала-Тоо” конушунун Ала-Тоо көчөсү, №87 дарегинин ээлери муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеңейтип алынгандыгы аныкталды.

193 чарчы метрге 3,5х7,0 м өлчөмдөгү тиешелүү уруксат документтерисиз курулуш жүргүзүлгөн.


Аталган факт боюнча жер тилкесинин ээси Таласбаева Д.Б.нын атына мыйзамсыз курулушту “Алып салуу жөнүндө” эскертүүсү берилген.


Эскертүүнү аткарбагандыгына байланыштуу материалдар Ленин райондук сотуна өткөрүлдү.


2015-жылдын 28-июнунда үйдүн ээси Таласбаева Д.Б. курулушту өз ыктыяры менен түрттүрдү.