ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санинспекция шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө  Ибраимов көчөсү, №108 дарегинде жайгашкан “Алтын” зергер дүкөнүнүн куруучулары курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге башаламан таштагандыгы аныкталды.

Бул себептен аталган жердин айланасы таштанды таштоочу жайга айланып, санитардык нормалар жана шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан директордун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.