ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жыйын өттү

Биринчи май райондук администрациясынын жыйын залында КРнын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин жетекчили астында Бишкек шаарынын аймагында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев калаада биометрикалык маалыматтарды 460 тан ашык адамд тапшыргандыгын жана бул көрсөткүч 70%га жакындыгын түзө тургандыгын маалымадады.


Район акимдердинин конкреттүү отчету боюнча – Октябрь районунда 95 миңге жакын адам, Биринчи май районунда 112 миң, Ленин районунда 140 миң, Свердлов районунда 115 миңге жакын адам  биометрикалык маалыматтарды тапшырган.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов ЖОЖдордо биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштерин күчөтүүнү сунуштады.


“Сентябрдан баштап ЖОЖдордо биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштерин күчөтүү керек. Биринчи курска келген студенттердин көпчүлүгү биометрикалык маалыматтарды тапшыра элек. Акимдерди активдүү болууга чакырам. Иштин сапаты биринчи кезекте сиздерден көз каранды”,-деди калаа башчысы.


Жыйындын жыйынтыгында КРнын вице-премьер министри Тайырбек Сарпашев алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоо даярдыктары боюнча шаардык штап түзүүнү, ошондой эле, иш-чаралардын планын иштеп чыгууну сунуштарды.


Жыйынга  Бишкек шаарынын вице-мэрлери, КРнын БШКнин төрагасы Туйгунаалы Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү, шаардык кызматтардын жана башкармалыктардын башчылары катышты.