Бишкек шаарынын мэриясы “Биз-таза Бишкек үчүн” конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 28.07.2015 15:52
Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында “Биз-таза Бишкек үчүн” конкурсунун жеңүүчүлөрүн салтанаттуу куттуктоо иш-чарасы өткөрүлдү.
Калаанын санитардык абалын жакшыртуу, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы 2015-жылдын май айынын соңунда “Биз-таза Бишкек үчүн” конкурсун жарыялаган.
Жалпысынан 4 номинация боюнча 30 дан ашык арыздар келип түшкөн.
Мэр Кубанычбек Кулматов жеңүүчүлөрдү куттуктап, акчалай тастыктамаларды тапшырды.
калаа башчысы мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүү экендигин белгилеп, шаарды көрктөндүрүүдө, жакшыртууда жигердүү катышкандарга ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, конкурс 4 номинацияда: “Мыкты МАБ”, “Мыкты кварталдык комитет”, “Мыкты турак-жай ээлеринин шериктештиги”, “Тазалык” МИнын мыкты короо шыпыргычы» өткөрүлдү.
Маалымат:шаар тургундарына кабарлоо үчүн 6000 плакат даярдалып, райондук администрацияларга таратылган. Ошондой эле, КТРК 4 маалыматтык ролик берилген.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
12.02.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |