ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы “Биз-таза Бишкек үчүн” конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында “Биз-таза Бишкек үчүн” конкурсунун жеңүүчүлөрүн салтанаттуу куттуктоо иш-чарасы өткөрүлдү.

Калаанын санитардык абалын жакшыртуу, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы 2015-жылдын май айынын соңунда “Биз-таза Бишкек үчүн” конкурсун жарыялаган.


Жалпысынан 4 номинация боюнча 30 дан ашык арыздар келип түшкөн.


Мэр  Кубанычбек Кулматов жеңүүчүлөрдү куттуктап, акчалай тастыктамаларды тапшырды.


калаа башчысы мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүү экендигин белгилеп, шаарды көрктөндүрүүдө, жакшыртууда жигердүү катышкандарга ыраазычылык билдирди.


Эскерте кетсек, конкурс 4 номинацияда: “Мыкты МАБ”, “Мыкты кварталдык комитет”, “Мыкты турак-жай ээлеринин шериктештиги”, “Тазалык” МИнын мыкты короо шыпыргычы» өткөрүлдү.


Маалымат:шаар тургундарына  кабарлоо үчүн 6000 плакат даярдалып, райондук администрацияларга таратылган. Ошондой эле, КТРК 4 маалыматтык ролик берилген.