ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Каражыгач токоюн басып алгандар жазык жоопкерчилигине тартылат

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан «Каражыгач токоюнун» батыш тарабынада курулуш жүрүп жаткандыгы аныкталды.

Азыркы учурда жерди басып алуу фактысы аныкталып, мыйзамсыз курулушту токтотуу боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө.


Бирок, куруучулар токтотуу боюнча берилген эскертүүлөрдү этабарга албай жатат. Бул себептен Свердлов РИИБна курулушту токтотуу жана эскертүүнү аткарбагандыгы үчүн жазык иштерине тартуу боюнча чараларды көрүү кайрылуусу жиберилген.


Свердлов районунун РИИБ иликтөө органы аталган факт боюнча жазык ишин козгоо токтомун чыгарды.