ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте калаа жолдорун оңдоо жана курулуш иштерин боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү

Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Дюшембиев Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев менен Жукеев-Пудовкин, Ауэзов, Курманжан Датка жана Ибраимов көчөлөрүнө көчмө жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев жолдордун курулуш жана жол кыймылына ачуу тууралуу маалматтарды берди.


“Биз биринчи этапта  жол кыймылы үчүн  өтмөк жолду бүтүрүп ачабыз. Ал эми экинчи этапта тротуар, жол жээктерин акырындык менен оңдоону пландоодобуз. Курманжан Датка көчөсү үстүбуздөгү жылдын 1-августа ачууну пландап жатабыз. Калган көчөлөрдү акырындык менен 1-сентябрга чейин жол кыймылына беребиз”,-деди вице-мэр.


Аталган жыйында премьер-министр Темир Сариев бөдрөтчүлөргө курулуш иштерин тездетүү жана сапаттуу куруу боюнча эскертүүлөрдү берди.


Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, “Бишкек башкы архитектуранын” башчысы Бакыт Абдиев, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Султан Усенов,  Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү жана «China Road» кытай бөдрөтчү-компаниянын өкүлдөрү катышты.