ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборуна күндүү батареяларды орнотуунун салтанаттуу ачылыш өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясы «R.I.D.GmbH» жана «Dena»  герман компаниясынын колдоосунда Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборуна күн батареясы менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашырды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Кыргыз Республикасындагы Германия элчисинин орун басары Андерс Лундгрен, «DENA» энергетика агенттигинин өкүлү Итта Олай, «R.I.D.GmbH» компаниясынын өкүлү Вальдемар Редер, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Конгантиев жана Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышты.


Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова бул долбоордун маанилүүлүгүн жана күн панели күнү-түнү 100 % электр энергиясы менен камсыз кыла тургандыгын белгиледи.


“Германиядан биздин кесиптештерибиз-инвесторлорго терең ыраазычылык билдирем. Өзгөчө гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн  Вальдемар Редер мырзага жана бул долбоорду ишке ашырууда күч жумшагандарга. Азыр Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунда электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындай долбоорлорду шаарга, балдарга, биздин коомго  жакшылык, жыргал тартуулаган адамдар ишке ашырат. Аталган долбоор калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун көзөмөлүндө болуп, ишке ашырылды”,-деди вице-мэр Айгүл Рыскулова.


Азыркы учурда имараттын чатырына 21 бирдик күн модулдарынан куралган 3 блок күн батареялар орнотулду. Модулдар күнүгө 5 киловатт электрэнергиясын иштеп чыгат. Бардыгы 15 киловатт.

Мекеменин муктаждыгы 14 киловатты түзөт. Модул алюминийден жасалып, дат менен корголгон. Конструкция техникалык нормаларга ылайык орнотулду.


Күн панелдеринин колдонуу мөөнөтү 25 жылды түзөт. Баасы өлчөмүнө жана кубаттуулугуна жараша болот. Борборго орнотулган панелдер герман компаниясынын эсебинен 80 миң евродон ашык сумманы түздү.